Санжардын окуясы

"Мындан ары шыбырашпай эле койгула. Бул Санжар, биздин уулубуз"

Бишкектеги «Лабрис» ЛГБТ уюмунун аткаруучу директору — кантип трансофобиясын жеңип, андан соң трансгендер эркеги жана ЛГБТ активисти болуп калгандыгы тууралуу

Менин атым Санжар Курманов, 29 жаштамын, учурда Бишкекте жашайм жана мен трансгендер адаммын. Кыргызстанда 10 жылга чукул ЛГБТ активисти болуп иштеп келем. Биздин уюм ЛГБТ өкүлдөрүн зомбулуктан жана басмырлоодон коргойт.

Өзүмдүн сексуалдык багытымды 19 жашымда түшүнө баштагам. Буга чейин дайыма ата-энем менен бирге же айыл чөйрөсүндө болуп, бардыгы сыяктуу эле жашаш керек деп ойлоп жүрчүмүн. Эгер бардыгы карама-каршы жыныстуулар менен жолугушуп жүрүшсө, демек мага да болот экен да. Бирок антип жашаган жакчу эмес. Окуганы кеткенден кийин өзүмдүн каалоолорум тууралуу ойлоно баштадым. Ал кезде аял болчумун, изденип жүрүп мага эркектер эмес, аялдар жага турганын так түшүнө баштадым.
ТЕМАДА
«Өзүмдү табууга» бир жыл кетти
Бара-бара сексуалдык багытымды кабыл алып, өзүмдү лесбиянка катары эсептей баштадым. Бирок ошол кезде өзүмө түгөй табуу мүмкүн эместей сезилчү. Адамдарды карап отуруп, дайыма «Кызык, алар да "Темадабы" же жокпу?» деп ойго бата берчүмүн.

Ошентип жүрүп уюмдагы бир кыз менен таанышып калдым. Ал экөөбүз бир факультетте чогуу окучубуз. Бирөө аркылуу анын телефон номурун таап алып, ага жашыруун смс жаза баштадым. Ал жолугушууга макул болуп, «Лабрис» жөнүндө айтып берди. Уюмдун кеңсесине бара жаткандагы алгачкы күнүм эсимде. Ыңгайсыз болду, а бирок аны менен кошо ичимде каршылык да жаралып, кумарлануу да пайда болуп атты. 2008-жылы интернетте ЛГБТ тууралуу маалымат аз болчу, ал эми «Лабристе» болсо чоң фильмотека менен китептер бар эле. Ал жакка барып, кино алганы келдим деп, «Джиа» киносун тандадым да тез эле кетип калдым.

Андан соң жайында лесбиянкалар менен биссексуал аялдар үчүн атайын лагерге барып калдым. Ал жактан өзүңдү кабыл алуу, укук, лидерлик жана активисттик сапат жөнүндө айтып беришчү. Лагерь мени шыктантып, ошол сапарымдан кийин «Лабристин» иш-чараларында ыктыярчылык кызматымды өтөй баштадым. Эмнегедир бул уюмга бардык жаатта жардам бергим келе берчү. Ал жашоомдун бир бөлүгү болуп калган эле.

Ал эми 2011-жылдан тарта «Лабристин» вакансияларына тапшыра баштадым. Биринчи жолкусун албай коюшканда абдан кемсинип калгам. Экинчи ирет тапшырсам да албай коюшту. Бирок мени конкурссуз эле аутрич кызматкердин ордуна чакырышты — бул уюм жөнүндө биле элек адамдар менен «Лабристин» ортосунда көпүрө болгон кызматкер. Бул коркунучтуу адистик, себеби коопсуздукту көзөмөлдөш керек эле. Кай жерге барбасаң да гомофоб адамга жолугуп калуу коркунучу бар. Кокус андайларга кезигип калсаң токмоктоп же болбосо аңдый баштоолору мүмкүн.
ТРАНСФОБИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ
«Лабристе» иштеп баштагандан тарта өзүмөн трансфобияны байкап калдым
Трансгендер адамдарды карап, алардын сырткы көрүнүшүнө күлүп койчумун. Ал эми транс-эркек-гейлерди такыр түшүнчү эмесмин. «Мунун баарын кылууга кажет бар беле?» деп ойлочумун. Кыскасы, өзүм да ЛГБТ жамаатынан болгонума карабастан, коом өзүн кандай алып жүрсө, мен да өзүмдү ошондой алып жүрө бердим.

Эмне үчүн булардын баарын кылып жатам? Дегеле менде жек көрүү сезими кайдан пайда болду?" деп ойлонот элем. Трансгендердик жөнүндө көбүрөөк окуй баштадым. Аны менен катар менин өздүк процесстерим да жүрүп жатты. Төрөлгөндө берилген гендерде өзүмдү ыңгайсыз сезип жатканымды түшүнө баштап, жеке иденттүүлүгүм тууралуу ойлоно баштадым. Өзүм менен өзүм болуп калдым. Катуу депрессияга түшүп кеткем. Балким жумушумду да үзүрлүү аткара албай калсам керек. Сүйүүнү да, кам көрүүнү да, сексти да каалабай калгам. Белгисиз абалда жүрдүм.
Ал учурда интернетте гармоналдык терапия же хирургиялык коррекциядан кийин адам беш жыл гана жашайт деген маанисиз маалымат жүргөн. Андан соң мен буга даярмынбы же жокпу деп ойлонуп калдым. Албетте, ал маалымат чындыкка коошпойт эле.

Акырындык менен өзүм үчүн ачылып, өзүмө суроо бере баштадым. Мисалы, мен үчүн эркек болуу деген эмне? Ал учурда тамеки да чекчүмүн, болгондо да ичке чылым чеккен жагаар эле. Ошондо ичимен «эгер ичке тамеки чегүүнү уланта берсем, анда мен эмне бир аз эле эркек болуп каламбы же кандай?» же болбосо «кой сойгонду үйрөнүүм керекпи же жокпу?» Бирок мен вегетарианмын да деген сыяктуу суроолорго батчумун. Социалдашуум аялдардыкындай болчу, мисалы, апам кичинекей кезде көндүрүп койгондуктан, үй жыйнап көнүп алгам. Эмне эми ошондон да баш тартмак белем? Мунун бардыгы таңууланган роль деген тыянакка келдим. Ал эми ичке тамеки чеккендигим мен жөнүндө эч нерсени айтпайт. Болгону бул адамдын жеке табити. Ал эми иденттүүлүк биринчи кезекте — бул өзүңдүн ички туюмуң тууралуу кеп.

Акыр-аягында трансгендердикке өтүүнү чечтим. Алгачкы учурларда өзүмдү эркек катары атоодон тартынып жүрдүм. Досторум Санжар деп кайрыла башташканда уялчумун. Өзүң каалагандай адам болуу мага кандайдыр бир кол жеткис нерседей туюлчу.
А бирок менде мурдагыдай эле өзүмдү кабыл ала албай жаткандай сезим толугу менен кете элек болчу. Адамдар мени Санжар деп атай башташканда али андай боло элекмин да деген ойлор келчү
Биринчи жолу көчөгө эркектердин туфлисин, шымын жана көйнөгүн кийип чыккан күнүм эсимде. Таксист мага аял кишиге кайрылгандай кайрылдыбы же жөн эле «эже» деп айттыбы, айтор, мен дароо: «Сен кимге мынтип кайрылып жатасың? Акылыңдан айныдыңбы?» десем ал кечирим сурады. А мен же ары же бери эмес көрүнгөнүмдү түшүндүм. Сакалым жок, үнүм кыздардыкындай болгондуктан, адамдар мени аял киши деп эсептешчү. Мен өзүм үчүн баарын чечип алгандыктан, адамдар адашып жатканына ыза болдум. Мындайды бардык эле транс адамдар баштан өткөрүшөт.

Эмне үчүн бизде мамлекет акыркы инстанция экенин түшүнө бербейм. Туулгандыгың жөнүндөгү күбөлүгүңдө сени аял киши деп жазып коюшса, сен акыркы күнүңө чейин ошондой бойдон калышың керек. Алаңдагы мүчө сенин ким болооруң менен келечектеги жолуңду аныктап койгону кыжырды кайнатат.
ҮЙ-БҮЛӨНҮН КАБЫЛ АЛЫШЫ
Үй-бүлөмдүн алдында камиң аутка барган жокмун
Менин ордума аутиң кылып коюшту. Бул мен «Лабристин» ыктыярчысы болуп, өзүмдү лесбиянка деп ойлоп жүргөн кезде болду. Сүйлөшкөн кызым өз эрки менен камиң аутка барды — бардыгын апасына айтып берди. Ал эми анын апасы мен тууралуу айтып бериш үчүн атайын айылда жашаган ата-энеме барыптыр.

Ошондо атам менен апам Бишкекке келип, «Лабристин» визиткасын мени көздөй ыргытып туруп: «Бул эмне ыя? Биз сени үйгө алып кетебиз! Окууңа эле алып келип турабыз! Баарынан обочолонтобуз!» — дешти. Ошондо эгер алар мени бекитип коюшса да, бир күнү чыгып, ошол эле нерсени айтаарымды билдирдим.

Бул окуядан кийин сексуалдык багыт жөнүндө таптакыр сөз кылбай калдык. Өзүбүздү адаттагыдай алып жүрдүк. Эч нерсе болбогондой эле түр көрсөтүп жүрдүк. Кээде ушуга да жиним кашайчу. Алар муну маанисиз, болбогон нерсе деп ойлошчу. Ошондогу жаңжалдан кийин ата-энеме дээрлик каттабай калдым.
Бирок, эгерде сексуалдык багыттыңды жашыра алсаң да, иденттүүлүктү жашыра албайсың. Мен өзүмдүн гардеробумду алмаштырып, чачымды кыска кырктыра баштадым. Апам суроо берип баштаарын билчүмүн. Ыңгайлуу учурду күтүп жүрдүм. Ооруканага жатып калганда учурдан пайдаланып калайын деп чечтим. Апам мага ал-акыбалымды сураш үчүн келиши керек эле. Баласы ооруп жатканын көрүп, боору ооруса керек деп ойлогом. Эммм, билбейм…. Биз оорукананын короосунда сейилдеп жүргөндө ага жалпак тилде: «Жынысымды алмаштыргым келип жатат» (ЛГБТ коомчулугунда мындай формулировка колдонулбайт — ред.). Ал туталанып кетти: «Кайра баштадыңбы? Бул жөнүндө мага эч качан айтпа! Бул теманы козгобо! Атаңа эмне дейм?!» Мен ага бул оюм эч качан өзгөрбөйт дедим. Апам болсо кетип калды.

Экинчи камиң аутум биринчисиндегидей эле көз жаздымда калышын каалабайт элем. Анын үстүндө «иштөөнү» чечип, маалымат берип, муну ушул бойдон калтырбоого бел байладым. Арадан үч ай өткөн соң апама чалып, түгөйүм менен алардын айлынын жанынан өтүп бара жатам, түнөп кетиш керек болуп жатат дедим. Ал кайрадан «Сен баягыныңды кайра баштадыңбы! Мен айттым эле го сага - кереги жок! Келбей эле кой!» дей баштады.
Ошентип урушуп кеттик. «Демек, силер мени чанып жатасыңарбы?» деп сурадым. Апам болсо «Мен муну кабыл ала албайм» деп жооп узатты
Ошентип бул жолкусун да барбай калдым. Бирок Ысык-Көлдөн кайтып жатканда ата-энемдикине кире кеттим. Алар менен сүйлөшкөн да жокмун, жөн эле келип, көлдөн сатып алган балыкты калтырдым да, кетип калдым. Бишкекке жеткенде апам чалды. Апам дароо эле кайсы ысымды аларымды сурады.

4
АГА «ЭРКЕККЕ»
Апам мен жөнүндө баарынан да атама айткандан коркчу
Атам аны «балаңа туура эмес тарбия бергенсиң» деп жемелей баштаарынан корккон. Бирок атам токтоо кабыл алып: «Эмне болуптур?! Мен ушундай адамдар бар экенин билгем. Азыр бизге караганда ага кыйыныраак. Ошондуктан биз ага колдоо көрсөтүшүбүз керек», — деди. Апам албетте, таң калган.

Андан соң апам эмчек безин алып салуу боюнча операцияда жанымда болду. Жанымдан чыкпай ден соолугума кабатырланып атты. Операциядан кийин калган калдыктардын бардыгын көмүп салды. Балким ошондой кылууну туура көрсө керек.

Адамдар апама суроо бергенде эмнелерди сезээрин айтып берип турушу үчүн аны менен дайыма баарлашууга аракет кылчумун. Ал эми адамдар чын эле табалашчу. Алар өздөрүн артык сезгилери келчү. «Биз го өз балдарыбызга туура тарбия бердик!» деген сыяктуу. Бул учурларда апам өзүн алсыз сезип, эмне деп жооп берээрин билбей да калчу. Мен ага мындайча жооп берүүнү сунуштадым: «Ооба, ошондой, анан? Талкуулагыңыз келип жатабы?» Апам ушинтип жооп бере баштап, ушул жооптун күчүн сезе баштады. Адамдар болсо ал жапа чегип жүрөт, ага аяр мамиле жасаш керек деп күтүшкөн да.
Анткен менен баары бир толук кабыл алыша электигин байкап жаттым. Мисалы, мен алардыкына барганда дайыма ачылып турган дарбазаны жабышып, мени катып жатышкандай туюлду. Балким ата-энем аны сезишпегендир, бирок мен байкап жаттым.

Агам менен да кыйын болду. Байкем динчил болгондуктан, ата-энемди мени оюмдан чыкпай коргоп атышат деп айыптап, анын ордуна мени мечитке алып барып, «айыктырыш» керек эле деп чыкты. Ал үчүн элдин пикири эң маанилүү болчу. Күндөрдүн биринде экөөбүз урушуп кетип, ал «Мага досторум сенде же карындаш эмес же ини эмес, түшүнүксүз бирөө пайда болуптур деп айтышууда. Мыскылдап жатышат» деп айтты.
Анын айткандары жинимди кашайткандыктан, дароо ата-энеме чалып, буга чейин кокого жетип кеткен нерсенин бардыгын айтып салдым. Мени кабыл албай жатасыңар, дарбазаңарды бекитесиңер, жашыргыңар келет, уяласыңар дедим аларга
Алар болсо кечирим сурашты. Туугандардын бардыгын чогултушуп, «Мындан ары шыбырашпай эле койгула. Бул Санжар, биздин уул, ага «эркекке» кайрылгандай эле атын атап кайрылгыла» деп айтышты. Туугандар бул нерсени кабыл алышты — ата-энем айткандыктан, аларда моюн сунгандан башка арга жок эле. Жада калса апам өз апасына да айтып берди, тайэнем дээрлик жүзгө чыгып калган. Чындыгында ал бардыгын башкача түшүнүп алыптыр. Менде башка жыныс мүчөлөрү өсүп баштаптыр деп ойлоп алган экен.

Андан кийин апамды камиң аут күнүнө өз окуямды айтып бериш үчүн Бишкеке чакырдым. Ал макул болуп, өзүн жашырбаган алгачкы транс эне болуп калды. Кийинчерээк башка ата-энелерге кеңеш бере баштады. Ошентип кеңеш берип келе жатканына эки жылдын жүзү болду. Апамдын айылына учурда өздөрүнүн ЛГБТ балдарын кабыл ала албай жаткан ата-энелер барышат.
АКТИВИСТТИК ЖАНА ЖЕК КӨРҮҮ
2013-жылы «Лабристе» оор күндөр башталып
Кадрлардын туруксуздугунан улам кызматкерлер жетишпей, өзүмө кошумча милдеттерди алууга аргасыз болгом. Уюм жабылып калбашы үчүн иштеш керек эле. Ошентип уюм менен иштешүү боюнча программасын координациялай баштап, андан кийин мени директорлукту бирге аткарган кызматка дайындашты. Ошентип бүткүл каржы маселесин тескеп калдым.

Кыйынчылыктар көп болуп, отчёттор менен долбоордук табыштамаларды жазганды үйрөнүш керек болду. Кай бир учурларда өзүмдү бардык жыртык-тешиктерди колу-буту менен жаап жетишкенге үлгүргөн сантехниктей эле сезип жаттым. Бирок жасаган ишиме ишенчүмүн, азыр деле ишенем.

Ошол маалда, 2014-жылы элде өз укуктары жөнүндө билими аз экенин түшүнүп турган элек. Тренингдерди өткөрүп, баарына түшүндүрүп баштадык: эгер сени уруп жатышса — бул норма эмес, милицияга барыш керек. Бирок адамдар коркчу, алар ЛГБТ менен ассоциациялаганды каалашчу эмес. Ошол эле жылы Кыргызстанда «гей пропагандага каршы» мыйзам долбоорун жарыялашкан.
Кызыгы, бул бизге оң роль ойноду. Активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар мыйзам долбоорун сынга алышкан. ЖМКлар ЛГБТ уюмдар жөнүндө көбүрөөк жаза баштаган
Кээ бир жерде так эмес болсо да — бул сөз кылынбаган теманын катуу пиары болду. Бизге достук мамиле жасаган юристтер пайда боло баштады, ал эми адамдар колдоо көрсөтүлүп жатканын сезип, жардам сурап, милицияга арыздар менен кайрыла башташкан.

2018-жылы биздин кеңсебизге Молотов коктейлин ыргытышкан. Аны ким кылганын билбейбиз. Милицияга деле арызданган жокпуз, себеби анда «Лабристин» кеңсесине келип аткандардын бардыгын сурап чыгышмак. Тактап айтканда, мындай кадамыбыз менен уюмга зыян тийгизип алмакпыз. Эч ким жабыркабаганы менен көчүп кетүүнү чечтик.

Андан кийин «Кыркы-Чоро» жана «Калыс» деген кыймылдардын активисттери кол салышты. Алар Эл аралык гомо/би/трансофобияга каршы күнүнүн иш-чарасына кирип келип, ызы-чуу чыгарышкан. Катышуучулардын биринин денесине залал келтирилген. Биз алардын үстүнөн арыз жазып, сааттап көрсөтмө бергенбиз. Бирок сот кошумча тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарган. Балким бул ишти жаап салыш үчүн жасалган болушу ыктымал. «Лабрис» да, эл аралык уюмдар да ИИМге кайрылуу жолдошкону менен майнап чыккан жок.
Ошол күндү көпкө чейин эстен чыгара албай, узакка чейин өзүбүзгө келе албай жүрдүк. Ошол окуядан кийин иш-чаралар үчүн жабык жерлерди издеп, коомдук желедеги аккаунтарды жабык кылып койдук
Андан соң жаман окуялар деле болбогону менен коомдо көп деле өзгөрүү болгон жок. Адамдар 2015-жылдагыдай эле жек көрүү тилинде сүйлөшүүнү улантышууда. Мен муну жон терим менен сезем, купуяда кат жазып коркуткандар болгон. Реакция кылбоого аракет кылам. Алар комментарийден алыс бара алышпаганын билем.

Биз ишибизди улантып жатабыз. Бул дүйнөнүн жакшырткыбыз келет. Кыргызстандагы ЛГБТ уюмдар өз күчтөрүн зордук менен басмырлоого жумшабай калган убакыт келээрин тилейбиз.
Текст: журналист kloop.kg Александра Титова. Фото: Тилек Бейшеналиев. Редактура: Анастасия Сечина. Иллюстрация: Наталья Макарихина. Перевод на английский: Ирина Галина. Перевод на кыргызский: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков
ещё истории